Virgin Galactic компаниясы космоско туристтерди учура баштайт

  • 5 лет мурун

Британиялык миллиардер Ричард Брэнсондун Virgin Galactic компаниясы бир жылдан кийин космоско туристтик учууларды баштоого ниеттенип жатат.

Бул идеяны ишке ашырууга компаниянын акцияларын фондулук биржаларга жайгаштыруудан түшкөн каражат жардам бериши керек.

Маалыматка караганда, учурда компаниянын суборбиталдык учагында космоско саякаттоонун баасы 250 миң долларды түзөт. Учуу узактыгы эки сааттан ашыгыраак болот.

Компаниянын өкүлү Хамат Палихапитинин айтымында, билет баасынын жогору экендигине карабастан, космоско учууга 2 500дөн ашык киши билдирме берген.

Жыл башында Virgin Galactic суборбиталдык бийиктикке сыноо иретинде эки жолу учууларды аткарып, экөө тең ийгиликтүү аяктаган.

Компаниянын Unity деп аталган космостук кемесине эки учкучту кошкондо алты киши батат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты