​Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажик окумуштуу эки алтын медаль алды

  • 5 лет мурун

Тажикстандык окумуштуу Мавлуда Давлатмамадова аллергияга каршы май иштеп чыкканы үчүн Ойлоп табуучу аялдардын 12-эл аралык KIWIE 2019 көргөзмөфорумунун жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунун эки алтын медалына ээ болду.

33 жаштагы Мавлуда Давлатмамадова – техника илимдеринин кандидаты, Фармацевтикалык илимий-иликтөө борборунун илимий кеңешинин катчысы.

Ал дары чөптөрдүн негизинде аллергияга каршы май ойлоп тапкан. “Минералдык тальктан балдарга себе турган порошок даярдадым. Анан ага уйгак, чегендири, этил спиртин коштум, анан аллергияга каршы май пайда болду”деди Давлатмамадова.

Өткөн айдын соңунда Сеулда Бүткүл дүйнөлүк аялдар ассоциациясы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунунун колдоосу менен Ойлоп табуучу аялдардын 12-эл аралык KIWIE 2019 көргөзмө-форумун өткөргөн.

Форумда Тажикстандан барган сегиз аял алтын, күмүш жана коло медалдарды алган.

2012-жылдан бери тажикстандык ойлоп табуучу аялдар 15 эл аралык алтын сыйлыкка ээ болгон. Табылгалардын көбү медицина жана химия тармагына таандык.

Cурөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты