​Финпол Матраимовдор фондуна чет өлкөдөн 1 миллион 439 миң 348,50 доллар жана 221 миң 600 сом түшкөнүн билдирди

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (Финпол) басма сөз кызматы жарыя кылган маалыматта «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Али Токтакуновдун иликтөөсүндө айтылгандардан Кыргызстандан жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 доллар чет өлкөлөргө чыгарылганын билдирди.

2010-2018-жылдары Saimaiti Aierken, «Абдыраз» жана «Wufuli Bumailiyamu» компанияларынын банктык эсептери аркылуу жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 доллар чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн деп белгиленет.

Акча каражаты кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу контракт боюнча которулган.

Тергөөдө Айеркен Саймаити жана башкалар тарабынан Кыргызстандан Түркия, Кытай, Араб Эмираттары, Германия, Латвия, Россияга акча которулганы аныкталды.

Май айынын аягында «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу «Азаттыктын» иликтөөсүңдө 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле кишинин атынан Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра келип түшкөнү тууралуу сөз болгон.

Финпол Исмаил Матраимов атындагы фондго 2014-жылдан 2019-жылга чейин 1 миллион 439 миң 348,50 АКШ доллары жана 221 миң 600 сом кайрымдуулук иретинде келип түшкөнүн билдирди.

Акча келишимдердин негизинде фонддун банктык эсебине кайрымдуулук катары төмөнкү жеке жана юридикалык жактардан которулган:

— «Ж.М.» 10 000 доллар;

— «М.Ч.» 10 000,00 доллар;

— «W.B.» Стамбул шаары, 199 958,2 доллар;

— «D.A.», Стамбул шаары 170 588,00 доллар;

— «S.C.K.G.», Стамбул шаары 139 965,10 доллар;

— «A.G.T.F.», Бириккен Араб Эмирликтери 159 965,00 доллар;

— «A.A.», Өзбекстан 499 950,00 доллар;

— «R.J.», Стамбул шаары 199 760,20 доллар;

— «P.O.», Москва шаары 49 162,00 доллар;

— «М.Р.»221 600,00 сом

Ошону менен катар иликтөөдөгү Saimaiti Aierken жана Wufuli Bumailiyamu деген адамдар Матраимов атындагы фондго 2 миллион 338 миң доллар которгону тууралуу документтер тастыкталбаганын билдирди.

Али Токтакунов тергөөгө 22 721 312 АКШ доллар турган банк документтерин бергени, калганын бере электиги белгиленди. Финпол Али Токтакуновдон калган документтерди берүүнү талап кылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты