​Батукаевди бошоткон сот Жапар Эрматов кызматтан убактылуу четтетилди

  • 5 лет мурун

Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жапар Эрматов жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

Тиешелүү буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эрматов 24-июнда Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына 22-августка чейин камакка алынган.

Май айында баш прокуратура Эрматовго коюлган айып Кылмыш-жаза кодексинин 335-беренеси, калыс эмес өкүм чыгаруу,, 319, коррупция беренеси менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлаган.

Эрматов Нарын шаарынын судьясы болуп иштеп жатканда, 2013-жылдын 9-апрелинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Батукаевдин дарты тууралуу материалдарды жакшы иликтебей,түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталууда.

Жапар Эрматов кийин мурдагы президент Атамбаевдин буйругу менен Нарын райондор аралык сотунун судьясы болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты