Алмазбек Атамбаев тергөөгө өзү барбай турганын, өкүлүн жиберерин билдирди

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта журналисттердин суроосуна жооп берип, Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын сурагына бүгүн өзү барбай турганын, ордуна өкүлү Сергей Слесаревди жиберерин билдирди.

Атамбаевдин айтымында, ага каршы айыптардын баары мыйзамсыз, Конституция жана мыйзам ченемдери бузулуу менен коюлган, укуктук талаадан чыгып кеткен.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы чакырууну кечээ, 8-июлда, Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Анда мурдагы президент 9-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган.

Ал күбө катары чакырылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда жана мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтеп жатат.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик статусунан ажыраткан.

Ага чейин, 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген.

Мурдагы президент жана анын тарапкерлери муну ага «көө жабуу» аракети катары сыпатташкан. Анын ондогон тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулуп турушат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты