​Жээнбеков Швейцарияга расмий сапар менен кетти

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий сапар менен Швейцария конфедерациясына учуп кетти.

Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

Соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын келечектүү секторлоруна инвестиция тартууга, парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен эки тараптуу кыргыз-швейцариялык мамилелерди илгерилетүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты