​Сооронбай Жээнбеков эртең Швейцарияга расмий сапар менен барат

  • 5 лет мурун

9-11-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Швейцарияга барат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Расмий сапардын алкагында Швейцариянын президенти Ули Мауерер, Улуттук Кеңештин федералдык жыйынынын төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Швейцария улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Расмий сапар учурунда экономика, финансы, туризм ж.б. багыттарда келишимдерге кол коюу пландалууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты