​Президентке эмне маселе менен кайрылышат?

  • 5 лет мурун

Президенттин атына 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында жарандардан 8120 кайрылуу келип түшкөн.

Көпчүлүк кайрылуулар сот жана укук коргоо органдары — сот, прокуратура, ички иштер органдары, финансы полициясы, улуттук коопсуздук органдары, жаза аткаруу кызматынын ишине тиешелүү маселелер боюнча келип түшкөн — 2732 кайрылуу же 43,7%ды түзгөн.

Аткаруу бийлигинин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча — 1687 кайрылуу келип түшкөн, же 27,7% түзгөн.

Жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулар — 788 кайрылуу же 12,6%.

Президенттин ыйгарым укуктарына кирген маселелер — мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 276, коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук жана тышкы саясат маселелери боюнча — 167 кайрылуу келип түшкөн.

Жогорудагылар менен бирге, Президенттин атына каалоо-тилек, ыраазычылык каттар менен 30 жаран, белек сурап 59 бала, Мамлекет башчысынын кол тамгасы менен сүрөтүн сурап 12 чет өлкөлүк жаран, кабыл алуусун сурап 141, Президенттин аппаратынын жетекчилигинин кабыл алуусун сурап 77 жаран кайрылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты