​Нигериялыктын өлүмү боюнча күбө көрсөтмө берди

  • 5 лет мурун

Бишкек ИИБ нигериялык жаран кабылган окуянын күбөсүн суракка алды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 25 жаштагы кыз кылмышка шектүү менен ошол учурда телефондон видео аркылуу сүйлөшкөнү анык экенин айтып берген.

Кыздын көрсөтмөсүнө караганда, шектүү телефонго чет өлкөлүктү эмес, “Айчүрөк” дүр дүйнө дүкөнүн тартып жаткан жана чырга себепчи болгон эмес.

Окуя 2-июлда “Айчүрөк” соода борборунун кире беришинде болгон. Интернетте тараган видеодон Нигериянын 34 жаштагы жараны, «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинин мугалими Али Тижжани Абубакар бир кишинин соккусунан жерге кулаганын көрүүгө болот. Кийин ал өзүнө келбей ооруканада каза болгон

Шектүү катары 22 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал милицияга Али Тижжани Абубакар менен кокустан чырдаша кеткенин, экөө мурда тааныш болбогонун айткан.

Бишкектин Свердлов райондук ИИБинде бул окуяга байланыштуу сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты