​Куткаруучулар унаасы менен сууга кулаган жаранды сактап калышты

  • 5 лет мурун

Ош шаарындагы Мушкетов көчөсүндө 6-июлда «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен. Аны куткаруучулар сактап калышты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Куткаруучулар унаанын ичинен 1972-жылы туулган эркек кишини алып чыгышып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен. Анын абалы туруктуу экени кабарланды.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты