​ИИМ чагымчыларга чара көрүлөрүн билдирди

  • 5 лет мурун

Ички иштер министрлиги жана анын бөлүмдөрү чагымчыл материалдарды жайылткандарды аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын ИИМ эскертти.

Ички иштер министрлиги жарандарды WhatsApp мессенджеринде жана Интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюуну өтүнөт.

Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпой тургандыгын да белгиледи.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты