Могерини: «Борбор Азия күчтүү жана туруктуу болушун каалайбыз»

  • 5 лет мурун

Европа Биримдиги Борбор Азия чөлкөмүнүн күчтүү жана туруктуу болушун каалайт. Ал үчүн жакырчылык менен күрөшүп, аялдардын укуктарын коргоо жаатында иштер жасалышы керек.

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Бишкекте 7-июлда ушундай пикирин айтты.

Могерини Кыргызстандын баш калаасында «Европа Биримдиги — Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна келген.

Ал жыйындын жемиштүү болгонун белгиледи. Буга мисал кылып Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жаңы келишимдин даярдfлышын, Түркмөнстанда Евробиримдиктин өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу келишимге кол коюлганын белгиледи.

Могерини Евробиримдик инвестициянын чоң булагы экенин, экономикалык колдоо улана берерин кошумчалап, Борбор Азия чөлкөмүндө ишеним жараткан жаңы мүмкүнчүлүктөр байкалганын билдирди.

Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы жолугушуу жыл сайын уюштурулат.

Быйылкы 17-июнда кабыл алган кызматташтыктын жаңы стратегиясы талкууланды. Жаңы стратегия коопсуздук, социалдык-экономикалык алаканы бекемдөөнү көздөйт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты