​Жер казынасы координаттар менен аныкталат

  • 5 лет мурун

Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестри бекитилди.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 6-июлда кол койду.

Конкурска коюлган жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелерине конкурс айлана-чөйрөнөнү коргоо мыйзамдарын ченемдерин сактоо менен өтөт.

Белгилей кетсек, “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясында “Жалпы мамлекеттик маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлердин тизмеси” түшүнүгү алынып, анын ордун “Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын бөлүктөрүнүн реестри” алмаштырган.

“Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесинин 2-пунктуна ылайык жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Өкмөт аныктайт жана бекитет.

Ошондой эле реестр жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин бурчтук чекиттеринин координаттарын милдеттүү тартипте камтууга тийиш.

Жайгашкан жери бизди кызыктырган картадагы чекиттери координаттардын жардамы менен аныкталат.

Карта боюнча жерлердин координаттык чекиттерин географиялык координаттарды пайдаланат. Географиялык координаттар бурчтук чоңдуктарды билдирет (кеңдикти жана узундукту), бул экваторго жана меридианга салыштырмалуу башкы деп кабыл алынган жер бетиндеги чекиттин ордун аныктайт.

Сүрөт: open kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты