​Бишкек СЭЗде баш аламандык

Аналитика

Бишкек эркин экономикалык аймагы Кыргызстандагы ири салык төлөөчүлөрдүн сап башында. Коомчулукта Бишкек СЭЗ деп айтылган аймакта 328 субъект бар. Алардын 55 пайызы өндүрүш, 45 пайызы тейлөө, соода-сатык менен алектенгендер. 2017-жылдагы статистика боюнча 3 300 жумушчу оруну түзүлгөн. Бирок, Кыргызстанда соттошуулар, текшерүүгө алынган мекемелердин жарышы болсо Бишкек СЭЗ рекорд жаратмак.

Биз Бишкек СЭЗдин тарыхына токтоло кетели. Кыргызстанда инвестиция тууралуу түшүнүк жаңы кире баштаган учурда, тактап айтканда, 1995-жылы Бишкек эркин экономикалык аймагы негизделген. Ошол учурдан тартып азыркыга чейин аймак Кыргызстанда өндүрүштү, инвестицияны, экономиканы өнүктүрүү, жумушсуздукту жоюу тармагында көрүнүктүү салымын кошуп келет.

Бишкек эркин экономикалык аймагы (Бишкек СЭЗ) инвесторлордун күчү менен курулган. Бирок, дирекция негизделген күндөн тартып жетекчилер премьер-министр тарабынан дайындалат. Ал жердеги кадрдык, менеджерлик кризистен чыкпай жатышы так ушул жетекчилерди дайындоодо экени көп айтылып келет.

Аймактагы абалга анализ кылгандардын айтымында, дирекцияда иштеген кадрлардын демилгеси, компетенттүүлүгү жок болгондуктан стратегиялык максаттар, жумуштун алдын-ала пландоо сыяктуу иштер аткарылбайт.

Эркин экономикалык аймактагы өндүрүштө эмес, дирекциянын өзүндө эле 363 киши иштейт. Алар аткарган жумуштары эффективдүү эмес, жөн гана айлык алып отурган кызматкерлерди элестетет.

Башкаруу иши бир гана директорго жүктөлүп, жөнөкөй тил менен айтканда өзүм билемдик орногондугуна байланыштуу коррупциялык элементтер ушул жерден башталат.

Азыркы директор Дүйшөн Ирсалиев коомчулуктан жашыруун жүргөн, журналистерди укса жаа бою качкан жетекчи экенин баарына маалым болуп калды. Бул жердеги азыркы абалды бир мисал менен түшүндүрсөк болот.

2010-2015-жылдары Бишкек СЭЗден өндүрүлгөн товардын 39-40 пайызы экспортко кетчү. Дүйшөн Ирсалиев 2016-жылы дирекция жетекчилигине келгенден кийинки 2017-жылы товардын 21 пайызы гана экспортко кетирилген.

Бул жогоруда анализ кылган байкоочулардын азыркы дирекцияда демилгесиз, жоопкерчиликсиз кадрлардын жыйынтыгы ушуга алып келгендигин далилдейт.

Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жж туруктуу өнүгүүнүн Улуттук стратегиясында Кыргызстанды “инвестициялык аймакка” айландыруу, КМШ мамлекеттиринин арасында инвестиция тартуу боюнча башка атаандашка айлануу максатында инвесторлорго, ишкерлерге мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүү башкы планга коюлган.

Башкы прокуратура тарабынан дагы ишкердикти коргоого арналган мыйзам ченемдердин аткарылышы боюнча көлөмдүү иштер аткарылды.

Бирок, ал жерде иштеген инвесторлордун Бишкек эркин экономикалык аймагына жасала турган реформалар тууралуу сунушун беришкен. Биринчиден, эркин экономикалык аймактын дирекциясынын директору нормативдик актыларды чыгаруучу бөлүмгө айланып калды. 2014-жылы бул “эркин экономикалык аймактар” тууралуу мыйзам кабыл алынып, башкы дирекция нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгып, кабыл алуусу тууралуу жазылган эмес. Мыйзамдын алдында дирекция иштеп чыккан уктук актылар жогору турабы?

Биринчи кезекте мыйзамга баш ийип иш алып баруу талап кыланат. Мисалы, Бишкек эркин экономикалык аймактагы ишкерлерди кимисин каттоодон өткөрөт, кимисине ижарага жер бербей коет бул ушул дирекциянын директорунун жеке кабыл алган чечимдерине айланып калган.

Өздөрү бул иш аракеттери тууралуу укуктук номарларды жазып алышкан. Бир карасаң бийликке, мыйзам чыгаруучу Жогорку Кеңешке, мыйзамды көзөмөлдөөчү Башкы прокуратурага баш ийбеген аймакка айлангандай түр калтырат.

Экинчиден, Башкы дирекциянын башчысы эркин экономикалык аймактагы ар кандай кабыл алына турган маселелерди өзүнүн жеке каалоосу менен чечет. Юридикалык жактарды качан каттай турганы, ижара ээлеринин ишин качан токтотуп кое тургандыгын, ижара акысынын өлчөмүн толук түрдө өз билемдик менен чечип келишет. Бул коррупциялык элементтердин башы экенин айта кетпесек болбойт.

Үчүнчүдөн, Башкы дирекцияны жетектеген адамдын жоопкерчилиги, ыйгарым укуктары каралган эмес. Ал мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбейт. Ошондуктан кылган кылмыштары үчүн жоопко тартылбайт.

Кылмыштары менен кармалса өзүнүн катачылыгы экенин айтып кутулуп кетет. Бишкек эркин экономикалык аймагы (Бишкек СЭЗ) боюнча элдин оозун ача турган маалыматтар дагы алдыда.

Жолболсун Кыдырбеков

АналитикаБишкек СЭЗ