​Кайненесин акыркы сапарга узатууга Текебаевди күзөт коштоп барды

  • 5 лет мурун

Камактагы саясатчы, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 6-июлда кайненеси Бүбүкан Турдуеваны акыркы сапарга узатууга кайтаруунун коштоосунда барды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Текебаевге күзөттун корштоосунда барып-келүүгө уруксат бергени кабарланды.

Текебаевдин кайненеси Бүбүкан Турдуева 5-июлда 77 жашында дүйнөдөн өткөн. Ал Чүй облусунун Таш-Дөбө (мурдагы Воронцовка) айылында жерге берилди.

Бүбүкан Турдуева акыркы кезде ооруп жаткандыгы белгилүү болду.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароо Жогорку сотто 16-июлга белгиленген.

Юристтер бул иштеги негизги күбө — Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин билдирип келишет.

3-майда Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, мурдагы сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Өмурбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин 1 миллион доллар пара алган деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, экөө тең сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Cүрөт: Интернет булактарынан.

«ПолитКлиника» медиасы Өмүрбек Текебаевге, Айгүл Текебаевага жана маркумдун туугандарына терең кайгыруу менен көнул айтат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты