ИИМ экс-министри Молдомуса Конгантиев акталды

Жаңылыктар

Ички иштер экс-министри Молдомуса Конгантиевге 2010-жылдын 7-апрель окуясында Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери, "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" жана 2005-жылдын март окуясында "Шалаакылык" боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен 5-июлда айыптоо далилденбегенине байланыштуу экс-министр Молдомуса Конгантиев акталып чыкты. Анын мүлкүнө салынган камак алынды.

2018-жылы июнь айында Улуттук коопсуздук комитети 2010-жылы апрель окуяларына күнөөлүү эмес деген негизде анын кылмыш ишин кыскарткан.

Өткөн жылдын декабрь айында Баш прокуратура мурдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин токтотуу боюнча токтомун четке каккан.

2018-жылы июнь айында Улуттук коопсуздук комитети 2010-жылы апрель окуяларына күнөөлүү эмес деген негизде анын кылмыш ишин кыскарткан.

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда 80 ден ашык киши каза болгон. Молдомуса Конгантиевдин 2010-жылдын 6-апрелинде Таласта сүйлөгөн сөзү курал колдонууга алып келген деп айыпталган. 6-апрелде Конгантиев таластыктар тарабынан катуу токмок жеген.

Бийлик алмашкандан кийин экс-министр Кыргызстандан кетип калган, бирок артка кайтарылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.


ЖаңылыктарМолдомуса КонгантиевИИМэкс-министрБишкекБиринчи Майсот