​​Кореяда кыргызстандыктарды сезондуу жумушка алуу долбоору башталды

  • 5 лет мурун

Кыргыз Республикасынын жарандарын Түштүк Кореяда сезондук айыл-чарба иштерине тартуу программасы ишке кирди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Түштүк Кореянын Чонбук облусуна дыйканчылыкта убактылуу иштөөгө Кыргызстандын 116 жараны барды.

Кореядагы элчи Динара Кемелова Чонбук облусунун Инже аймагында кыргызстандыктарды тосуп алуу салтанатына катышты.

Өз сөзүндө элчи бул программанын маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи Кемелова Инже районунун акими — Цой Санг Ги менен жолугушту. Эки тарап кыргыз-корей мамилеси жана октябрь айына чейин Корея дыйкан талаасында иштей турган кыргызстандык жарандарга жашоо- шарт түзүү, эмгек укуктарын сактоо иш-чараларын талкуулады.

Кангвондо аймагынын губернаторунун орун басары Чон Ман Хо менен болгон жолугушууда Динара Кемелова Корея тарапка Нарын облусунун жана Кангвондо аймагынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандум долбоорун тапшырды.

Сүрөт: ТИМ маалымат департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты