Кыргызстанга джаз музыкасынын жылдызы Рональд Бейкер келет

  • 5 лет мурун

14-июлда Бишкекке жана 17-июлда Чолпон-Атага АКШдан дүйнөлүк джаз музыкасынын жылдызы, ырчы жана трубач Роналд Бейкер (Ronald Baker) Кыргызстанга келет.

Уюштуруучулардын айтымында, анын аткаруусунда заманбап джаз музыкасынын жети альбому чыккан, анда Монреаль, Нью-Жерси, Марчиак, Монтрё ж.б. фестивалдардагы мыкты өнөрү камтылган.

Рональд Бейкерди джаз музыкасынын Нэт Кинг Коул сыяктуу мыкты ырчысы жана трубачы катары таанышат.

Музыканттар менен бирге Санкт-Петербургдан пианист Алексей Черемизов, басист Элдияр Бакчиев жана барабанчы Бакыт Жумагулов ойнойт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты