​Өкмөт театрларды оңдоого 198 млн ашык сом бөлдү

  • 5 лет мурун

Драма театрларын оңдоого Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 198 млн сомдон ашык каражат бөлүү чечимине кол койду.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Ал чечимге ылайык:

— 84 млн 605 миң 100 сомду Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого;

— 97 млн 658 мин 300 сомду Чынгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого;

— 16 млн сомду Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын имаратын капиталдык оңдоого бөлүндү.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты