​Атамбаевдин жубайы рейдерлик басып алууга тиешеси бар деп айыпталууда (Видео)

  • 5 лет мурун

КТРК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын мыйзамсыз иштерге аралашканы боюнча журналисттик иликтөө жарыялады.

Анда президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Манас Арабаевдин Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип, кытайлык ишкерлердин мүлкүн тартып алууга катышы бар экени айтылган.

Алмазбек Атамбаевдин штабы бул маалыматты каралоо деп баалап, мурдагы президенттин тарапкерлеринин каршылык акциясынан алаксытуу катары сыпаттады.

Коомдук телеканалдын курамына кирген «Ала Тоо 24» каналында 2-июлда көрсөтүлгөн журналисттик иликтөөдө Кыргызстанда ишкердик менен алектенген кытайлыктар туш болгон мыйзамсыздык баяндалган.

Анда чет өлкөлүк ишкерлер Бишкекте салган көп кабаттуу үйдү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов, ишкер Рустам Воинов мыйзамсыз тартып алганы, ага сот, президенттик аппараттан колдоо көрсөтүлгөнү айтылган.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип жаткан видеодо ал мыйзамсыз иштерге экс-канайымдын суранычы менен барганын билдирген.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Коомдук телеканал тараткан маалымат «чындыкка коошпой» турганын айтты.

3-июлда Медиа форум ишканасынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын митингинде.бийликке бир катар талаптар коюлган.

Митинг катышуучулары “Эски элита кетсин, жаңы элдик лидерлер келсин ”, “Соке болбой калды” деген ураандарды коюшкан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» статусун алып, кол тийбестиктен ажыраткан.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан 5-июлга чейин Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачышкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты