АКШ эгемендик күнүн белгиледи

  • 5 лет мурун

4-июлда Америка Кошмо Штаттары эгемендик күнүн белгиледи.

Бүткүл өлкө боюнча салют атылып, пикник уюштурулду. Вашингтондо аскердик парад өттү.

Президент Дональд Трамп Вашингтондо өткөн «Америкага салют» аттуу иш-чарада сүйлөдү.

Мурдараак ал «Твиттердеги» баракчасына майрамдын кульминациясы авиациянын катышуусундагы аскердик парад болорун жазып, анда анын жанында Куралдуу күчтөрдүн бардык түзүмдөрүнүн кол башчылары турсун деген каалоосун билдирген.

Шаршемби күнү, 3-июлда, Пентагон коргоо министринин милдетин аткаруучу Марк Эспер менен Штаб башчыларынын бириккен комитетинин башчысы, генерал Жозеф Данфорд президенттин чакыруусун кабыл алганын ырастаган.

Трамптын сынчылары аны майрамды милитаризациялоого жана салык төлөөчүлөрдүн акчасын туура эмес коротууга айыпташууда.

АКШнын эгемендик Декларациясына 1776-жылы 4-июлда кол коюлган. Бул күнү Улуттук аллеядагы концерт менен салютту көрүү үчүн Вашингтонго жүз миңдеген адамдар барган.

Кыргызстан кечээ АКШны эгемендик күнү менен куттуктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты