Өзгөчө тойлор: Г. Кутуева эки боз үй тигип, нукура салт менен кызын турмушка узатты

Өзгөчө тойлор: Г. Кутуева эки боз үй тигип, нукура салт менен кызын турмушка узатты

Көлдүн кызы Гүлмира Кутуева жакында эле өзүнүн кызын нукура салт менен турмушка узатып, өзгөчө той өткөрдү. Жакшылыктын ээси менен аймактык кабарчы таанышты.

«Көлдүн кызы болом. Бирок ата-энем Баткенге көчүп барып, мен ошол жерден 1962-жылы төрөлгөм. Кийин Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылына турмушка чыктым.
Мектепти аяктагандан кийин С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, андан соӊ Караколдогу институттун көркөм-графикалык факультетин бүткөм. Жолдошум дагы сүрөтчү. Ал мен окуган окуу жайды аяктаган. Кызыбыз да биздин жолубузду улантып, учурда дизайнерлик кесип менен алектенип келет. Кызымды кичинекей кезинде эле нукура ата салты менен турмушка узатып, өзгөчө той өткөрөм дечүмүн. Ошондо эле тойго даярданып, кыргыздын улуттук идиш-аяктарын чогултуп жүрчүмүн.
Мен ойлогондой той өткөрүп, кызымды турмушка узаттык. Күйөө балам — Эрмек Мукул. Ал  кыргыз элине таанымал, «Атанын керээзи» тасмасынын режиссеру Бакыт Мукулдун уулу болот. Мына ушундай жакшы адамдар менен куда болдук», — деди ал.Өзгөчө тойлор: Г. Кутуева эки боз үй тигип, нукура салт менен кызын турмушка узатты

Г.Кутуева кыз узатуу тоюнда кудалар үчүн эки боз үй тигип, кыргыздын улуттук тамак-ашы улуттук идиш-аяктар менен берилди.

«Дасторкондо жалаң улуттук тамак-аштар болду. Мисалы, умачталган талкандын 3-4 түрү, бадырак, боорсок, куймак, каламанын эки түрү, каттама, сары май, каймактын түрлөрү, казы-карта, чучук, беш бармак жана башкалар берилди. Мындан тышкары, ата-тегибиздин таш кордо тамак-ашы коюлду. Заманбап ашканадагы тамак-аштардан дасторкондун үстүнө койгон жокпуз. Бирок, заманбап тамак-аштар үчүн короого өзүнчө дасторкон жайдык. Эшикке чыгып, эс алган коноктор бул тамак-аштардан да даам сызып жатышты.

Ошондой эле, суусундуктардан кымыз сунуп, сүзмөнүн 2-3 түрүн эзип, чөп-чар, пияз кошулган чалап, бозо, жарма бердик. Бул суусундуктарды илгерки кумара менен куюп бердик. Шарап ичилген жок. Чоӊ кудабыз Күмөндөр Абылов  «улуттук тамак-аштарыбыз турганда шарапты жөн эле койгула» деген сунушун айтты. Биз дагы туура көрдүк.

Өзгөчө тойлор: Г. Кутуева эки боз үй тигип, нукура салт менен кызын турмушка узаттыЖаӊгак жыгачынан жасалган идиш-аяктар колдонулду. Фарфор же айнек идиштер колдонулган жок жана дасторконго азыркы вилка, кашыктарды койгон жокпуз. Булгаарыдан жасалган чыныларга каймак куюлду. Кудалар мындай каймактарды сагынып калышкан экен, «апам жасап берчү» деп аябай сүйүнүп жешти. Башында дасторконго бата кылганда эле курма чай бергенбиз. Аны да мактап ичишти. Чөп-чар менен иштеген таанышыбызга чөп чай демдетип бердик», — деди ал.

Кыздын төркүндөрү улуттук кийимдерди кийип, ого бетер тойдун ажарын ачышкан.
«Кызым да азыркыга чейин ыраазычылыгын билдирип жүрөт. Кызымдын көйнөгүн атайын оймо-чийме менен кооздоп тигип, чачын өрүп, баш кийим, шырылган чапан кийгиздик. Күйөө балабыз да улуттук кийим кийди», — деди ал.

Гүлмира Кутуеванын кызы Алина Жыргалбек кызы 1991-жылы, ал эми күйөө баласы Эрмек Мукул 1987-жылы төрөлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты