​Акыйкатчы кароосуз калган эки кызды балдар үйүнө жайгаштырууну мэриядан өтүнөт

  • 5 лет мурун

Акыйкатчы аппараты Бишкек шаардык кеңештин депутаттарына, ошондой эле Бишкек мэриясына өспүрүм кыздарды балдар мекемесинин бирине өткөрүп, мамлекеттик камсыздоого алуу маселесин чечүү тууралуу кат жолдоду.

Акыйкатчынын орун басары, балдар акыйкатчысынын милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева 20-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашаган атасына барабыз деп Бишкектеги эжесинин үйүнөн качып чыккан эки өспүрүм кыздын тагдырын көзөмөлгө алган.

Кыздардын атасы жарым жылдан бери Ош облусунда эмес, Бишкекте жашап жатканы аныкталган. Бул убакытта ал бир да жолу кыздары менен көрүшкөн эмес. Борбордо туруктуу жашаган жери жок, ичимдикти көп ичет. Анын бир тууган эжеси дагы кыздарды мындан ары тарбиялоодон баш тарткан.

Кыздар Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Кароосуз калган жаштар жана балдар борборуна өткөрүлгөн.

Ал жактан кыздар Ысык-Көлдөгү ден-соолукту чыңдоочу лагердин бирине жиберилип, эс алышууда.

Сүрөт: Акыйкатчынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты