​Сот департаментиндеги кызматынан кыянат пайдалангандар аныкталды

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинде кызматынан кыянат пайдалангандарды таап чыкты.

Сот департментинин жергиликтүү сотторго 102 млн. 336 миң 032 сом турган аудио-видео көзөмөл боюнча программалык-аппараттык комплекстерди сатып алууда укук бузууга жол бергендиги аныкталды.

Тендерде С.Л.И. жоопкерчилиги чектелген коому 91 млн. 859 миң 202 сом сунушу менен жеңүүчү болгон. Бирок кийин бул суммага кошумча 2 млн. 703 миң 614 сомго келишим түзүлгөн.

Сотко чейинки иликтөөдө Д.П. жана «Транском» ишканасы тарабынан мониторинг жүргүзүлүп, жабдуунун баасы 14 млн сомго көбөйтүлүп берилгени аныкталды.

Тергөө бюджетке келтирилген чыгымды аныктап жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты