​Тигүү жана текстиль тармагынан башка импорттоочулар экономикалык ишмердикке патент алууга укугу жок

  • 5 лет мурун

Салык кодексинин ченемдерине ылайык, тигүү жана текстиль тармактарын кошпогондо, товарларды импортоочу жеке жактар ыктыярдуу патент менен салык төлөөгө укугу жок.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн токтому менен салык мыйзамдарынын бул ченемине ылайык келтирүү үчүн Салык органдарына патентти кагаз түрүндө же электрондук форматта берүүнүн тартибине өзгөртүү киргизилген.

Бул өзгөртүү товарларды импорттоочу салык төлөөчүлөргө адилеттүү салык жүгүн белгилейт.

Өзгөртүүгө чейин жалпы негиздерде салык төлөгөндөрдүн бирдей товарларды импорттоодо жана андан кийин аларды сатууда салыктык милдеттенмелери ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчүлөргө караганда көп болгон.

Өкмөттүн ушул эле токтому менен ыктыярдуу патенттөөгө тийиш болгон ишкерлик чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерлердин салык органдарынан электрондук жана кагаз жүзүндөгү патент алуулары да каралган.

Бул ченемди киргизүү ыктыярдуу патенттөөгө тийиш болгон ишкерлик чөйрөсүндө эмгектенген жалданма кызматкерлерге киреше салыгын төлөгөндүгүн ырастоо максатында патент алууга мүмкүндүк берет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты