​Равшан Жээнбеков: “Күчтүү оппозиция Атамбаев менен гана жаралат”

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-июлда, “Медиафорум” ишканасынын алдында өтүп жаткан митингде саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстанда күчтүү оппозиция Атамбаев менен гана жаралат деп билдирди.

—Мурдагы президентке куугунтук, мыйзамсыздык жасалууда.

Эгерде мурдагы президент оппозицияда болбосо, анда куугунтук болмок эмес.

Бизде оппозицияга чыккандарды басмырлап жатып калат. Бийлик оппозиция болгон адамга чыдаш керек.

Азыркы агрессиялык, күч колдонуу менен жасап жаткан саясатын токтотуш керек.

Мен бийликке Атамбаевди бүгүн отургузуш керек деген акыл-насаатты бербес элем.

Азыр да кеч эмес, диалогго отуралы.

Экинчи маселе. Бизде бүгүн эгемендүү өкмөт, эгемендүү парламент, эгемендүү соттор жок, анча-мынча сөз эркиндиги бар.

Атамбаевди басмырлабастан, күчтүү оппозиция болууга шарт түзүшүбүз керек.

Кыргызстанда күчтүү оппозиция Атамбаев менен гана жаралат, — деп билдирди Равшан Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты