Бүгүн «Эски элитага каршы» митинг өтөт

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-июлда, саат 16:00 дө Бишкектеги «Медиафорум» имаратынын алдында «эски элитага каршы» тынчтык митинги өтөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 30-июнда КойТаштагы үйүнүн алдында топтолуп турган тарапкерлеринин алдына чыккан учурда 3-июлда митинг өтөрүн билдирген. Митингге өзү да катышарын айткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» статусун алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат.

Бийлик Атамбаев жана анын тарапкерлеринин митинг тууралуу маалыматына расмий комментарий бере элек.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты