Электрондук кол тамганы алуу үчүн кандай документтер керек?

Кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр катары катталган, ошондой эле товар импорттоону жана/же экспорттоону жүзөгө ашырган уюмдар жана жеке ишкерлер, квалификациялык электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документ түрүндө салык отчётторун берет.

Бул тууралуу Мамлекеттик Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага байланыштуу, электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан аккредитациядан өткөн адистештирилген операторлорго кайрылуу зарыл.

Квалификациялык электрондук кол тамганы алуу үчүн төмөнкү документтерди берүүлөрү зарыл:

— юридикалык жакты же жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

— жетекчисинин/жеке ишкердин паспортунун көчүрмөсү.

Эгерде, чет өлкөлүк жарандын инсандыгын аныктаган документи чет тилде түзүлгөн болсо, анын мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен кошо берилет;

— башкы бухгалтердин паспортунун көчүрмөсү (эгерде башкы бухгалтер каралса);

— бухгалтерди кызматка дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү (эгерде башкы бухгалтер каралса);

— электрондук кол тамга алуу үчүн уюмдун жетекчисинин колу коюлуп, мөөрү басылган ишеним кат (ведомстволор аралык типтүү форма М-2А);

— ишеним кат берилген ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү.

Мында салык төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү (салык төлөөчү тарабынан салык органдары менен болгон мамилелерде анын кызыкчылыктарын коргоого ыйгарым укук берилген жеке же юридикалык жак, салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелердин башка катышуучусу) ишеним каттын негизинде өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат (эгерде салык төлөөчү – жеке адам болсо, анда ишеним кат нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн болуусу керек).

Кеңири маалыматты 1240 номери аркылуу, www.sti.gov.kg сайтынан же аймактык салык органдарынан алууга болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты