​Салык отчету электрондук документ түрүнө өтөт

  • 5 лет мурун

Салык кызматы июль айынан тартып салык отчетун квалификациялык электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук документ түрүндө берүүгө өтөрүн маалымдайт.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма ссссөз борбору билдирди.

Ушуга байланыштуу, аталган салык төлөөчүлөр электрондук салык отчетторун салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө тапшырууга милдеттүү.

Алсак, ар ай сайын берилүүчү салык отчеттору август айынан тартып электрондук документ түрүндө берилет, ал эми квартал сайын берилүүчү салык отчеттору 3-кварталдын жыйынтыгы менен үстүбүздөгү жылдын октябрь айында берилет.

Ушул мезгилден тартып электрондук түрдө салык отчетторун берүүгө милдеттендирилген салык төлөөчүлөрдү электрондук санариптик кол тамгасын керектүү программалар менен өз алдынча же өздөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу күн мурдатан сатып алууга чакырат.

Бул үчүн электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан аккредитациядан өткөн адистештирилген операторлоруна кайрылуу зарыл.

Кеңири маалыматты 1240 номурунан, www.sti.gov.kg сайтынан же аймактык салык органдарынан алууга болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты