​Жээнбеков Иркутскидеги суу каптоолордо курман болгондордон улам Путинге көңүл айтты

Жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна жана кыйроолорго байланыштуу Россия Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

«Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуну өтүнөм» деп айтылат телеграммада.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

ЖаңылыктарРоссияИркутскВладимир ПутинКыргызстанСооронбай Жээнбеков