​Текебаевдин уул-кызы атасынын иши боюнча иликтөө жүргүздү (Видео)

  • 5 лет мурун

«Ата Мекен» партиясынын камактагы башчысы Өмүрбек Текебаевдин кызы Айданэк менен уулу Амантур атасынын иши боюнча иликтөө жүргүздү.

Видеону алардын апасы, Айгүл Текебаева фейсбук баракчасына жарыялады.

Текебаевге каршы көрсөтмө берген орусиялык ишкерлер Алексей Модин менен Леонид Маевскийдин айткандары чындыкка дал келбей турганын, «Супарада» алар жолукпаганын балдар далилдеп чыгышты.

Амантур Модин менен Маевскийдин уюлдук телефондору ал жакта колдонулбаганын далилдеп берди.

Текебаевдин балдары мыйзамсыздыктын бир мисалынын бетин ачып, мындайлар дагы ондоп саналарын, укук коргоо, сот органдары мыйзамсыздыкка кайдыгер караганын айтып, Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты