Жай ичинде арыктайбыз!

Жай ичинде арыктайбыз!Арыктоонун жолдору

 Албетте, эч кандай фирмалардын продукцияларын колдонбой туруп, үй шартында арыктоо толук мүмкүн. Ал үчүн боюңузга салмагыңыз  туура келиши керек. Боюңузга жараша салмакты аныктап алгандан кийин канча салмак жоготушуңуз керек болсо ошого жараша арыктоого киришесиз. Үй шартында арыктонун бир нече жолдору тууралуу айтып беребиз.

  1. Тамактанаар алдында сөзсүз түрдө бир стакан суу ичиңиз. Себеби, тамак алдында ичилген суу ашказанга бир аз тамак баргандан кийин “тойдум” деген сигнал берет да, ашыкча өлчөмдөгү тамакты ичүүңүзгө алып келбейт.
  2. “Эртең мененки тамакты өзүң же, түшкү тамакты досуң менен бөлүш, кечки тамакты душманыңа бер”, — деген ураанды колдонуңуз. Эртең мененки тамак сөзсүз түрдө болуш керек.
  3. Көк чай ичиңиз. Көк чай организмдеги зат алмашуу процессин жөнгө салып, тамактын бат сиңишин камсыз кылат.
  4. Таттууларды азыраак колдонуңуз.
  5. Жашылча-жемишти көп колдонуңуз.
  6. Куурулган, майга бышкан тамактардын ордуна бууга бышкан же кайнатылган тамактарды жасаңыз.
  7. Күнүнө 2 литрден кем эмес суу ичиңиз.
  8. Ундан жасалган азыктарды азыраак колдонууга аракет жасаңыз.
  9. Кечки 7-8ден кийин тамактануу адатынан арылыңыз. Себеби кечинде аз кыймылдагандыгыбыздан ушул убакыт аралыгында организмге түшкөн тамак-аш майга айланат.
  10. Физикалык көнүгүүлөрдү жасоону адатка айлантыңыз. Бул сиздин ашыкча салмактан арылууңузга эле себепчи болбостон, ден соолугуңуздун бекем болушуна өбөлгө түзөт.

Арыктоого жардам берүүчү сыйкырдуу азыктар
Арыктоону каалаган айымдарга өздөрүн жакшы сезип, маанайы чөкпөш үчүн сыйкырдуу азыктарды кошуусун сунуштайбыз. Бул азыктар ачка болгонун сезбегенге, чарчоодон кутулууга жардам берет.

Грейпфрут
Ар бир тамактанган сайын жарым грейпфрутту жеп турса, 2 жуманын ичинде 2 кг арыктоого болот. Анткени грейпфрут инсулиндин деңгээлин түшүрүү менен тамакка болгон табитти азайтат.

Ак түстөгү жашылчаларЖай ичинде арыктайбыз!
Капуста, пияз, сарымсак сыяктуу ак түстүү жашылчалар ашыкча салмактан арылуучу өзгөчө заттарга каныккан.

Майсыз быштак
Майсыз быштактын курамындагы сиңимдүү белок организмди көпкө чейин ток кармап жүрөт. Белокту сиңиргенде организм көп энергия жумшайт, майды, углеводду сиңиргенде мынчалык энергия жумшабайт.

Кефир
Кефирди арыктоо үчүн гана эмес, күн сайын ичүү талапка ылайык. Сиңимдүүлүгү, аз калориялуулугу, зат алмашууну жакшыртканы, микрофлораларды кайра калыбына келтиргени, токсиндерди жок кылганы – мына ушулар кефирдин  эң негизги арыктатуучу касиеттери.

Жаңгак
Жаңгактын курамындагы көп өлчөмдөгү клетчатка жана Омега-3 майлуу кислотасы мээнин иштөөсүн жакшыртат жана уйкучулукту, кош көңүлдүүлүктү жоготот. Ал эми анын арыктатуучу касиети мында жаңгактын бир аз эле бөлүгүн жегенде адам тоюп калат жана бир топ убакытка чейин ачка болбой жүрө берип башка тамактар тууралуу унутат. Майдаланган жаңгакты йогуртка же жашылчага аралаштырып жесе жакшы.

Көк чай
Көк чайдын курамындагы танин, йод, калий, фтор жана В тобунун витаминдери борбордук нерв системасына таасир этип, жумушка болгон жөндөмдүүлүктү күчөтөт.

Ачуу калемпир
Ачуу болгар калемпири, кара тоголок калемпир, горчица, хрен жана башка ачуу татымалдар кошулган приправа организмде энергиянын иштелип чыгышын тездетет жана ашыкча май клеткаларын күйгүзөт. Натыйжада, адам арыктайт.

Мөмө-жемиштер
Бүлдүркөн, кулпунай, малина бул мөмөлөрдүн баарында жүрөк үчүн пайдалуу антиоксиданттар жана клетчатка бар. Бул мөмө-жемиштер табигый таттуу даамга ээ жана алар азыраак калория үчүн момпосуйдун жана башка таттуу азыктардын ордун алмаштырат.

Ананас
Ананастын калориялуулугу төмөн, анда суу көп да, май жок. Мына ушул өзгөчөлүктөрүнүн эсебинен ананас арыктоо үчүн эң пайдалуу жемиш. Ананасты үзгүлтүксүз пайдалануу организмде топтолгон майлардын жоголушун шарттайт, бирок муну менен туура тамактануудан баш тартууга болбойт. Ананас тамакка болгон табитти да төмөндөтөт.

Жумуртка
Жумуртка организмди ток кармап, ачкалыкты сездирбейт Эртең мененки тамакка 1-2 сууга бышкан жумуртка жеген адам күнүнө 330га аз калорий керектеген болот.

Алма
Алма – майдын сиңүүсүн азайтуу менен организмди тазалайт. Ошондой эле ал заара кубалоочу касиетке ээ, ал эми анын курамындагы клетчатка организмди ток алып жүрөт. Ашык салмактан арылтып, каалаган келбетти сактоо үчүн «алма диетасына» отуруу сунуш кылынат. Ал үчүн күнүнө 1,5-2 кг алма жеш керек.

Гречка
Гречканын даны организмди ток кармап, аны шлактардан тазалайт. Гречкада белок, май, углевод, ошондой эле кальций, фосфор, йод жана В1, В2, РР витаминдери бар.

Тооктун эти
Тооктун, үндүктүн этинде эттин башка түрлөрүнө салыштырмалуу белок көп да, май аз. Диетологдор эң пайдалуу деп үндүктүн терисиз төшүн эсептешет. 100 грамм төштө болгону 0,5 грамм май бар.

Арыктоого жардам берүүчү элдик каражаттар

Жай ичинде арыктайбыз!Бүгүнкү заманбап жашоодо арыктатуучу миңдеген түрдүү каражаттар сунушталат. Бирок алардын көпчүлүгүнүн натыйжасы жакшы болгону менен ден-соолукка пайдасына караганда зыяны көп. Андыктан, акыркы убактарда элдик ыкмаларга басым жасагандардын да саны арбын. Арыктоонун элдик каражаттары бир жуманын ичинде сиздин келбетиңизди идеалдуу кылып коёт деп айта албайбыз, бирок ден-соолугуңуз үчүн коопсуз экенин так айта алабыз.

Ашкабак кыямы
Ал үчүн 2-3 кг ашкабак, 2-3 даана апельсин, 1 даана лимон жана кумшекер керек. Ашкабактын этин чарчы туурап, ага кабыгы менен кошо тууралган апельсин жана лимонду, анан даамына жараша кумшекер кошосуз. Жай отто кайнап бышкан кыям даамдуу да, өтө пайдалуу да болуп саналат.

Жүгөрүнүн чачысы
Жүгөрүнүн чачысынан маңыз даярдоого болот. Бир жарым стакан кайнак сууга 15 грамм жүгөрүнүн кургатылган чачысын демдеп, андан соң жай отко жарым саат кайнатуу керек. Маңызды тамактын алдынан 3 кашыктан ичесиз.

Чалкан маңызы
1 стакан кайнак сууга 1 чоң кашык чалканды кургатылып, майдаланган жалбырагын демдейсиз. 10 мүнөт тыныктырган соң тундуруп аласыз. Күнүнө 3-4 маал 1 чоң кашыктан тамактын алдынан ичесиз.

Итмурун маңызы
Итмурундун 20 грамм мөмөсүнүн үстүнө 1 стакан суу куюп, 10 мүнөт кайнатасыз. Бир сутка тыныктырып коёсуз да, күнүнө эки маалдан жарым стакандан ичесиз.

Алма боткосу
Ашыкча салмактан арылтуучу дагы бир натыйжалуу рецепт бар. Ал үчүн сизге алма, сельдерейдин тамыры, 1 стакан айран, хрендин тамыры, туз керек. Кыргычтан өткөрүлгөн алмага 3:1 өлчөмүндө сельдерейдин тамырын кошосуз.

Хрендин тамырын кыргычтан майда кылып өткөрүп, аны алма менен сельдерейге кошосуз да, үстүнө айранды куясыз. Даамына жараша туз кошосуз. Бир жуманын ичинде күн сайын кечинде жесеңиз, максатыңызга тез эле жетесиз.

 Француздар диетаны кантип кармашат?

Француз диетасы бир жылда эки жолу 14 күндөн кармалат. Диета убагында туздуу, таттуу, камыр тамактарга жана спирт ичимдиктерине тыюу салынат. Ал эми кайнатылган жана минералдык сууларды  иче берсеңиз болот.
1-күн

Эртең менен кофе. Түштө бышырылган эки жумуртка, көк чөптөн жасалган салат, помидор. Кечинде — бир кесим кайнатылган кара эт, салат.

2-күн

Эртең менен — кофе, сухарь. Түштө кайнатылган эт. Кечинде кайнатылган майсыз колбаса, салат.

3-күн

Эртең менен — кофе, кургатылган нан. Түштө—майлуугу төмөн өсүмдүк майына куурулган сабиз, помидор. Мандарин же апельсин. Кечинде кайнатылган эки жумуртка, майсыз колбаса, салат.

4-күн

Эртең менен — кофе, кургатылган нан. Түштө — кайнатылган бир жумуртка, сабиз, сыр. Кечинде мөмө-жемиш салаты, айран же кефир.

5-күн

Эртең менен — лимон ширеси кошулган сабиз. Түштө кайнатылган балык, помидор. Кечинде кайнатылган эт.

6-күн

Эртең менен — кофе. Түштө кайнатылган тооктун эти, салат. Кечинде кайнатылган эт.

7-күн

Эртең менен — чай. Түштө кайнатылган эт, мөмө жемиш. Кечинде ветчина же майсыз колбаса.

7-күн бүткөндөн кийин кайрадан 1-күндүн рецеби менен баштаңыз. 

 Гүлшайыр Сабырбекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты