​Иран байытылган урандын запасын көбөйттү

  • 5 лет мурун

Иранда төмөн байытылган урандын запасы 2015-жылкы эл аралык келишимде каралган чектен өттү.

ИРНА кабар агенттиги Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифке шилтеме берип жазганына ылайык, 1-июлда запас 300 килограммдык лимиттен ашты.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик текшерүү жүргөндөн кийин маалымат берерин билдирди.

Өткөн жылдын май айында АКШ көп тараптуу келишимден чыгып кеткен жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Ислам жумурияты документке кол койгон Британия, Франция, Германия, Кытай жана Орусия санкциялардын өлкө экономикасына терс таасирин азайтуу аракетин көргөн жок деп сындап уран байытууну көбөйтөөрүн эскерткен. Европа мамлекеттери келишимди бузуунун арты олуттуу болоорун билдиришкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты