​Караколдо бир жарым тонна ашлянфу даярдалды

Кечээ, 1-июлда, Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесинин урматына «Улут баскан улуу жол» аттуу фестиваль болду.

Ага 4 миӊге жакын шаар тургуну жана коноктору катышты. Майрамды Каракол шаарынын мэри Адыл Жангорозов ачты. Маараке Жусуп Абдрахманов-Токтогул көчөсүнүн кесилишинен башталып, Ч.Айтматов атындагы борбордук аянтта улантылды.

Майрамдын жүрүшүндө боз үй конкурсу, манас айтуу, акындык өнөр улуттук кийимдер, улуттук каада-салттардын көрсөтүлүшү, Каракол шаарынын негизделиши тууралуу көрсөтмө, эл аралык акындар айтышынын финалдык бөлүгү, ыр кесенин гала-концерти, кол өнөрчүлөрдүн, өнөр-жай азыктарынын жарманке-көрсөтмөсү менен кошо эстрада жылдыздары элдин көӊүлүн ачты.

Концертти Аяр, Иляз Андаш, Гүлнур Сатылганова, Актан Исабаев, Аяна Касымова, Атай Өмүрзаков жана «Адем» бийчилер тобу коштоду.

«Гиннестин рекорддор китебине кирчү бир жарым тонна ашлян-фу даярдалып, элге таратылды. Аны он ашпозчу жасап, 3500 идишке салып чыгышты. Ар бир идишке 450 граммдан ашлян-фу салынган. Ашлян-фунун крахмалы менен соусу 30-июндан 1- июлга караган түнү даярдалып, 1-июль күнү камыры бышырылган.

«ПолитКлиника» медиасы буга чейин Каракол шаарынын күнүнө карата бир жарым тонна ашлян-фу жасалат деген маалымат берген.

Айгүл Молдоканова

Сүрөттөрү:автордуку

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты