​Эс алуу жайларына жетекчи кызматты сунуштап, 28-30 миң доллардан алдоого шектүү кармады

  • 5 лет мурун

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы курорттук мекемелерден жетектөөчүлүк кызматтарды «сатып алууну» сунуштап, алдамчылык менен алектенүүгө шектелген жаранды кармады.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, июнь айынын аягында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына 40 жаштагы М. аттуу аял кайрылган.

Февраль айында аны тааныш аял алдап, 28 миң АКШ долларын алган соң айткан сөзүн аткарбай койгондугун билдирген.

Арызда көрсөтүлгөндөй, алдамчылык менен алектенген аял өзүнүн жогору жактагы кызмат адамдары менен тааныш экендигин жана жабырлануучуну беделдүү санаторийге директор кылып дайындоого жардам бере тургандыгын айткан.

Аталган факты катталып, Бишкек шаарынын Биринчи май ИИБи тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси, алдамчылык боюнча сотко чейинки иликтөөнү баштаган.

Андан сырткары, Бишкек шаарынын Биринчи май ИИБине арыз менен 50 жаштагы С. аттуу аял киши кайрылган.

Ал чала тааныш аял 30 миң АКШ долларын алдап алганын билдирген.

Ал таанышы аркылуу ири санаторийлердин бирине директор кылып дайындоого сөз берген. Бирок акчаны алган соң качып кеткен.

Экинчи арыз ушул жылдын июнь айында Кылмыш жана жаза бирдиктүү реестрине катталып, Биринчи май Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси, алдамчылык боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүрүүдө.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Ош облусунун тургуну, 1970-жылы туулган К.Г. ны кармады.

Ал мурда да алдамчылык боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Кармалган аял Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылдуу жайына киргизилди. Соттун чечими менен камакка алуу бөгөт чарасы каралды.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты