Өрт коопсуздугунан кымырылган акча же Бакыт Шаршембиевге козголбой жаткан кылмыш

Кыргызстандагы уюлдук операторлорду, радиолорду жыштыктар менен камсыз кылган РПО РМТР ААКсын Бакыт Шаршембиев жетектеп турган учурда Ысык-Ата районундагы Красная речка айылында жайгашкан радиоцехтин имаратын өрт коопсуздугуна карата иштерди жасайбыз деп “Ысыккуль курулуш сервис” ЖЧКсына 346 миң сом которуп берген. Бирок, аталган радиоцехте ал кезде өрт коопсуздугуна каршы бир дагы иш жүргүзүлгөн эмес. Тескерисинче, муну айтып чыккан кызматкерлерди четинен жумуштан себепсиз алып салышкан. Кызматкерлер УКМКнын Антикоррупциялык кызматына кайрылышканы менен, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон эмес.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты