​Жээнбеков: “Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык жок»

  • 5 лет мурун

Суусамырда кечээ, 30-июнда өткөн Кожомкул балбандын 130 жылдыгына арналган салтанатта Сооронбай Жээнбеков даңазалуу баатырдын басып өткөн жолуна, кыргыздын даанышмандарынын коомдогу ордуна токтолуп, элди ынтымакка чакырды.

“Каба уулу Кожомкулдун ысмы дененин күчү, рухтун тереңдиги гана эмес, майтарылбас эрктин, атуулдуктун символу катары да кыргыз тарыхында калды» деди мамлекет башчы.

Комомкул балбан элдин биримдигин жогору койгонун белгиледи.

«Акыл- насаатын айтып, журттун күчү — элдин биримдигинде экендигин осуят кылды»

Улуу даанышманыбыз Чынгыз Айтматов айткандай, түндүгүбүз менен түштүгүбүз куштун эки канатындай болуп, бирге, улуу инсандын элесине таазим кылып турабыз.

Биз Конституциябызда ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо жөнүндө айткан ыйык осуятын туу тутаарыбызды жазганбыз» деди Президент.

Тарыхта ынтымактын туу туткан күндөрүнө кайрылып, элди-журтту ынтымакка чакырды.

«Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат» деди Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты