Суусамыр: Кожомкул балбандын 130 жылдыгы (Фоторепортаж)

Кечээ, 30-июнда, Чуй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өтту. Ага Президент Сооронбавй Жээнбеков катышты.

Мамлекет башчы Кожомкул баатыр кыргыз элин даӊазалаган өз заманынын залкар инсаны болгондугун белгиледи.

Майрамдык иш-чаралардын алкагында улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Президент баатырды эскерип, күмбөзүнө барып, куран окуду, андан кийин Каба уулу Кожомкулдун архивдик материалдары жана жеке буюмдары сакталган үй-музейине барды.

Президент Сооронбай Жээнбеков үй-музейге кыргыздардын тарыхын чагылдырган «Кыргыздар» китебинин томдорун, Чыӊгыз Айтматовдун чыгармалар топтомун жана улуу жазуучу менен Айкөл Манастын элестери түшүрүлгөн сүрөттөрдү белекке берди.

Сүрөттөрү: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты