​Медресе балдары светтик билимден артта калууда

1991-жылдын 17-декабрында “Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзамдын кабыл алынышы менен медреселердин саны кескин көбөйүп 113 жеткен. Бирок булардын сапаты боюнча көп көйгөйлөр бар.

“Чынында эгемендик алган жылдары диний окуу жайлар эч кандай көзөмөлсүз, өздөрү менен өздөрү болуп калган болчу”, — дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов.

Медреселердеги билим берүүнүн сапаты, шарты талаптарга толук жооп бербейт. Медреселерде диний билим алганы менен бала, жалпы билим берүүдөгү светтик сабактардан артта калып келет. Ал эми окуу жайлардын шарттары, айрымдарында гана заманбап мекеме катары парта-отургучтар коюлбаса, көпчүлүгү төшөктөрдө жерге отуруп окушат.

Булан институту 2017-жылы медреселердеги абалды терең иликтеп баяндама жарыялаган. Анда медреселердин окуу программасын жакшыртуу жана светтик сабактарды да окутуу маселесин, медреселердин материалдык-техникалык базасынын анализдеген эле. Баяндамада талапка жооп бербеген, окууга шарты жок медреселердин тизмеси берилип, сүрөттөрү да жарыяланган. Ал баяндамадан кийин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия талапка жооп бербеген жети медресени жапкан болчу.

Билим берүү министрлиги көзөмөлдөбөйт

Учурда медреседе билим алып жаткан балдардын светтик билими башка балдардан артта калып жатканын адистер белгилешет.

Билим берүү министрлиги медреселердин ишмердүүлүгүнө кийлигише дагы, көзөмөлдөй дагы албай турганын айтып келет. «Медресе – бул диний окуу мекемеси. Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндөгү мыйзамына ылайык дин билим берүүдөн бөлүнгөн. Ошондуктан, Билим берүү министрлиги диний окуу жайлардын окуу программадарын көзөмөлдөй албай. Эгерде ал жакта светтик сабактар окутула турган болсо, анда Билим берүү министрлиги көзөмөлдөй алмак» дейт Билим берүү министрлигинин адиси Кылым Сыдыкназарова Булан институтуна берген маегинде.

Ал эми экс-депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, билим берүү министрлиги жөн гана мыйзамга шылтап койбой, медреселердеги билим берүүнү көзөмөлгө алса болмок.

“Тилекке каршы, билим берүү министрлиги медреселердеги билим берүүнү козөмөлүнө албай келет. Анткени, көп маселе алардан көз каранды. Медреселерге лицензияны берип, имамдарды аккредитациядан өткөрүп, көзөмөлдөөчү орган болушу керек болчу. Бирок, билим берүү тууралуу мыйзамга таянып, медреселердеги билим берүүгө көңүл бурбай жатышат»,-дейт Осмоналиев.

Каныбек Осмоналиев депутат болуп турган кезинде “Диний билим берүүнү жөнгө салуу жөнүндө” деп аталган мыйзам долбоорун 2012-жылы парламентке сунуштаган. Бул тууралуу ал Булан институту тарабынан уюштурулган “Диний билим: реформалоо максаттары жана аткарылышы» конференциясында билдирген эле:

“Ошондо эле биз өкмөттү демилгечи кылып анан алып чыксак болмок экен. Эгер биз ошентсек, ал мыйзам өтүп, буга чейин иштеп калмак”,-деди ал.

Осмоналиев белгилегендей, ал мыйзам долбоору диний окуу жайларга көзөмөлдү күчөтүп, бир тартипке салууну көздөгөн болчу.

​Медресе балдары светтик билимден артта калууда

Аалымдар кеңешинин аракети

Мындай диний окуу мекемелеринде кандай сабактар окутулуп жатканын учурда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы Аалымдар кеңеши карайт. Бул кеңеш балдар диний гана билим алуу менен чектелип калбашы үчүн бирдиктүү окуу программасын түзүп чыккан. Программмага диний сабактар менен биргеликте эле кээ бир светтик предметтер дагы кошулган.

Исламий диний окуу жайлардын баары, жеке-менчик болобу, мамлекеттик болобу ушул программанын негизинде билим берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу ПолитКлиника медиасына берген интервюсунда Кыргызстан мусулмандар дин башкармагынын Билим бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов билдирди:

  • Бардык исламий багыттагы окуу жайлар үчүн бирдиктүү программа түзүлгөн. Программада диний сабактардан сырткары светтик дагы сабактар бар.Окуу жайлар программанын негизинде сабак өтүп жатышканын көзөмөлдөө биздин жоопкерчилигибизде. Атайын комиссиялар түзүлүп, жер-жерлерге барып текшерип турушат. Эми жаңы жобо талкууланып, ишке киргизилгени жатпайбы. Ошондо дагы абал жакшы жакка өзгөрөт.

Кыргызстандагы диний билим берүүнү жөнгө салуу максатында атайын жобо иштелип чыккан. Ал жобо Булан институту өткөргөн “Диний билим: реформалоо максаттары жана аткарылышы” деген жыйында эксперттер менен талкуулаган болчу.

Эгер бул жобо иштеп баштаса, жогорку окуу жайларга 9, орто окуу жайларга 5 светтик сабактар киргизилет.

Учурдагы бирдиктүү программада кандай сабактар бар?

Азырынча жогорку окуу жайлар үчүн түзүлгөн бирдиктүү программага ылайык, Жогорку окуу жайларда 19 диний сабак, 7 светтик сабак бар. Окуу мөөнөтү төрт жыл жана жыйынтыгында араб тили жана шарият илимдери багытындагы адис болуп чыгат. Ал эми Орто окуу жайлар үчүн 11 диний сабак жана 6 светтик сабак киргизилген. Окуу мөөнөтү 3 жыл, жыйынтыгында диний адис кесибине ээ болот. Башталгыч окуу жайлар үчүн түзүлгөн программада 10 диний, 5 светтик предметтер камтылган. Окуу мөөнөтү 2 жыл. Кесиптик багытыты жок. Куран жаттаттуу курсунун программасында 7 диний жана 1 светтик сабак бар. Жыйынтыгында хафиз жана имамдык менен алектене алышат.

​Медресе балдары светтик билимден артта калууда

Бул программага баш ийбеген медреселер дагы бар

Бирок, диний окуу жайлардын ичинен бирдиктүү окуу программасын сактабагандары дагы бар экенин айтат Аалымдар кеңеши. Буга айрым учурларда мугалимдердин жетишсиздиги себеп болсо, айрым учурларда белгисиз демөөрчүлөр тарабынан каржыланган медреселердин өз билемдик кылып, баш ийбегени дагы себеп.

Бирок, Кыргыз Билим берүү академиясынын адиси, диний билим берүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү Мурат Иманкуловдун айтымында, жалпы билим берүүчү мектептердин ордуна, белгисиз демөөрчүнүн программасынын негизинде иш алып барган медреселер да бар. Аларга балдарын жиберген ата-энелердин иш-аракеттери экстремизмдин жаралышына алып келет:

— Учурда иштеп жаткан медреселердин 90 пайызы замандын талабына жооп бербейт. Ал жактарда окуп жаткан балдардын билими чектелүү гана. Кээ бир медреселерде кыргыз тили сабактары болушу мүмкүн, бирок, химия, биология, математика сыяктуу сабактар таптакыр жок. Ал эми медреселер берген күбөлүктөр менен өлкөдөгү ЖОЖдорго тапшыра алышпайт. Анткени, дин мамлекеттен бөлүнгөн деп аларга лицензия берилген эмес, ошондо алар кандай кесипке ээ болушат?

Кыргызстандагы медреселердин көбү чет өлкөлүк демөөрчүлөр аркылуу каржыланат.Булан институту жүргүзгөн изилдөөдө жеке медреселер каржы булагын так айткылары келген эмес.Изилдөөчүлөрдүн “Ким каржылайт?” деген суроосуна 21 медресенин 14ү гана “Ата-энелер, калк, кайрымдуулук фонддор” деп жооп беришкен.

Сабаттуу мугалимдердин тартыштыгы

Теолог Абай Кенжекуловдун айтымында, медреселерде кошумча каржы булагы жок болгондуктан, мугалимдерди жалдай алышпайт:

«Көпчүлүк медреселерди кошумча каржылоолсу жок болгондуктан, кошумча мугалимдерди жалдай алышпайт. Ошонун айынан дагы балдар светтик билимден артта калып жатышат»,-дейт теолог.

​Медресе балдары светтик билимден артта калууда

Каржынын тартыштыгы

Булан институту бул багытта иштеп жана анализдеп келаткан эки жылдык тажрыйбасына таянып медреселерди үч типке бөлгөн.

Биринчи түргө кирген медреселер — китепканасы жана компьютердик классы бар, окуучулары кадимки парталарга отурган заманбап медреселер. Бул медреселер балдарга толук шарт түзгөн жана Аалымдар кеңеши бекиткен бирдиктүү окуу программасын сактайт. Ошондой эле “Кыргыз тили”, “Кыргызстан тарыхы” сыяктуу светтик үч же төрт сабакты да окутат. Мындай медреселер жалпы медреселердин 20 пайызын түзөт десек жаңылышпайбыз.

Экинчи типтеги медреселерде да шарт дурус. Бирок китепканалары жок. Окуу китептери да тартыш. Светтик сабактар болсо окутулбайт, себеби окутуучуларга төлөгөнгө каражат тартыш. Ошондой эле көбүндө парта жана отургучтар жок. Балдар полго эле отуруп окушат.

Ал эми үчүнчү типтеги медреселерде шарттар өтө начар. Көбү Куран жаттоого гана багытталган жана Аалымдар кеңеши бекиткен бирдиктүү окуу программасын сактаганга шарты жок, себеби мугалимдер жетишсиз. Адатта мындай медреселер чакан. Отуздан алтымышка чейин гана бала окуйт.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовдун айтымында, ар бир медреседе балдардын окуусуна зарыл жабдуулар, партасы, отургучтары жана отуруп окуганга шарттары болушу керек.

“Жер төлөдө, бүкүрөйтүп жерге отургузуп алып, орто кылымдардагыдай окутуу болбошу керек. Албетте талапка жооп берген, бардык заманбап шарттарды түзүп, жаркыраган класстарда, китепканалары бай медреселер да бар. Бирок, дагы деле шарты жок имараттарда билим берген, жалаң гана дин илими менен чектелген медреселердин бар экендиги чындык. Ошонун баарын иреттеп, тартипке келтирүүнүн аракети көрүлүп жатат”,- дейт Зайырбек Эргешов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты