​Өзбекстандан Ысык-Көлгө алгачкы чартердик каттам келди

  • 5 лет мурун

Кечээ, 27-июнда, «Ташкент-Тамчы-Ташкент» каттамындагы чартердик аба байланышы жандандырылды.

Бул иш-чара Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылды.

Бул тууралуу Өзбекстандагы элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи рейс менен 140 турист келди.

Өзбекстандын ири ишкана кызматкерлеринен турган эс алуучулар эки өлкөнүн профсоюздар федерациялары ортосунда келишимдин негизинде түзүлдү.

24-июндан 27-июнуна чейин Өзбекстандын алдыңкы телерадио компанияларынын жана маалымат агенттиктеринин 35 өкүлү үчүн Кыргызстанга пресс-тур өткөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты