​«Чоң жыйырмалыкта» Путин менен Трамп жолугушту

Жаңылыктар

Россия Президенти Владимир Путин менен АКШнын Президенти Дональд Трамп Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан «Чоң жыйырмалык» жыйыны алкагында жолугушту.

Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.

Иш-чара бир саатка пландалса, алардын жолугушуусу дээрлик бир жарым саатка созулду.

Лидерлер орус-америкалык мамиле тууралуу пикир алмашты, ошондой эле Иран, Сирия, Венесуэла жана Украинадагы абалды талкуулады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

ЖаңылыктарРоссияВладимир ПутинАКШДональд ТрампЯпонияОсака