​Мамлекеттик тил мыйзамы: Отуз жылдык маараке өтөт

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган иш-чара уюштуруу боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Мыйзамдын 30 жылдыгын белгилөө программасында илимий-практикалык конференция, «Кел, кыргызча сүйлөйлү» жаштар акциясы, флэш-мобдор, окуучулар арасында эне тилдин жашоодогу ролу жөнүндө эссе-сынактар жана бир катар башка иш-чара пландалууда.

Чет мамлекеттердеги мекендештер арасында сынактар жана акындардын эл аралык «Айтыш-2019» сынагын өткөрүү пландалып жатат.

«Ырдайлы кыргыз ырларын» республикалык фестивалы өткөрүлөт. Мында адаттагыдай ар башка этностордун өкүлдөрү жана чет өлкөлүк жарандар кыргызча ырларды аткарат.

Алгач сынактар район жана облустарда өткөрүлүп, андагы жеңүүчүлөр Бишкек шаарындагы гала-концертке катышат.

Кыргызча ырларды аткарган чет элдик эстрада жылдыздарын да чакыруу каралууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты