ИИМ туристтик маалга даярданды

  • 5 лет мурун

Туристтик маалда туристтердин коопсуздугу менен коомдук тартипти камсыздоого 4000ден ашуун милиция кызматкери жана 800дөн ашуун ыктыярдуу элдик кошуундар тартылды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жай мезгилинде Ысык-Көл облусунда коомдук тиртипти сактоо үчүн кошумча ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 200 кызматкери тартылат.

Ысык-Көл облусунда офицердик патруль, туристтик милиция түзүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кайгуул милициясынын көчмө постторун «Кордай (Казакстан)–Бишкек», «Манас» аэропорту-Бишкек», «Түндүк бурулуш жолу-Бишкек», «Бишкек-Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол» жолунда жайгаштырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты