​ «КТ Мобайл»: Депутаттык комиссия ишин жыйынтыктады

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеӊеш жыйынында 26-июнда «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев Жогорку Кеңешке комиссиянын корутундусун сунуштады жана ал боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды.

2002-жылдын декабрь айында мамлекеттик «Кыргызтелеком» компаниясынын алдында «КТ Мобайл» компаниясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Ага 27 МГц көлөмүндө жыштык берилген. Кийин «Мегаком» менен «КТ Мобайл» компаниялары биргелешип иш алпаруу үчүн өз ара келишим түзгөн.

Келишимдин шарттарына ылайык, «Мегаком» компаниясынын 70 МГц жыштыгы, «КТ Мобайл» компаниясынын 27 МГц жыштыгы бар, экөө бириккенде – 97 радиожыштык болот.

«КТ Мобайл» компаниясынын виртуалдуу оператор катары «Мегаком» аркылуу иш жүргүзүүсү үсүн 345 млн сом берилген.

«КТ Мобайл» компаниясы бюджетке киреше алып келбегени, эсеп-кысап иштеринин тартиби сакталбаганы, компаниянын жетекчилери менен кызматкерлерине негизгиз эле өтө өтө чоӊ өлчөмдөгү эмгек акылар чектелип, аларга маяналар менен сыйакылар ырааттуу төлөнүп келген.

Андан тышкары, «Ачык өкмөт» коомдук уюмунун жооптуу катчысы Иманкадыр Рысалиевдин компаниянын ишине мыйзамсыз кийлигишкени белгилүү болду. Ошондон улам, компаниянын башчысынын орун басары Эрназар Иманкадыр уулу баш болгон бир топ кызматкерлер кызматынан өз каалоолору боюнча бошонуп кеткени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында «Кыргызтелеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын курамында депутаттар Жанарбек Акаев, Сайдолимжан Жураев, Айнура Осмонова, Абтандил Кулбараков, Марлен Маматалиев, Курманкул Зулушев, Мирлан Жеенчороев, Алмазбек Баатырбеков, Таалайбек Масабиров, Гүлшат Асылбаева, Зиядин Жамалдинов, Акылбек Жапаров, Алмамбет Шыкмаматов бар.

“ПолитКлиника” медиасы “Туулбай жатып, чуу коштогон “КТ Мобайл” аттуу материалда «КТ Мобайлда» Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар иштап жатканын жазган.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясында иштээрин акыркы кезге чейин укпагандыгын, ал кызматтан кетиши керектигин, мамлекеттик иште туугандык мамилеге жол берилбейт деген принципте экенин билдирген.

15-майда Эрназар Иманкадыр уулу кызматтан өз арызы менен бошонгон. Андан кийин ал компанияда алган айлыгын кайтарып берген.

ЖМК маалыматтарынан кийин Жогорку Кеңеште комиссия түзүү сунушу билдирилген жана комиссия түзүлгөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бажасынын уулу Эрназар «КТ Мобайлда» иштээрин билген эместигин айткан.

Депутаттык комиссиянын талкуусунуда «Мегаком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов аны Иманкадыр Рысалиев коркутканын билдирген.

«КТ Мобайл» чуусу боюнча андан башка бир катар кызматкерлер кызматынан кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты