​Депутат Исаев Атамбаевдин иштерине байланыштуу Түркияга барып-келди. Эми Москвага барат

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев экспрезидент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы иштерге байланыштуу Түркияга барып келгенин 26-июнда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты:

— Түркияда эмне тапканыбыз боюнча айтпай турайын. Атамбаев «мен мультимиллионер болгом, Түркиядан көп акча тапкам, миллиондук тираждар менен китептерди басып чыгарып, Москвага жөнөткөн мультимиллионермин, мен байлыкты ушинтип топтогом» деп бир нече жолу айткан. Биз ушуга байланыштуу Түркиядан тиешелүү кагаздарды алуу аракети менен барып, депутаттык комиссиянын жыйынына катыша албай калдым. Буюрса мунун баары такталып, жооптор келет, -деди.

Исаев ушундай эле максатта жакынкы аралыкта Москва шаарына да бара турганын да кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев экс-президенттер тууралуу мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу 25-майда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кеткен. Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тарткан.

Жогорку Кеңеште Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарган.

Депутаттык комиссиянын корутундусу 20-июнда парламентте жактырылып, Баш прокуратурага жиберилген. Баш прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Бул маселе эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылып, добуш берилиши керек. Атамбаедин кол тийбестиги алынышы үчүн 120 депутаттын 80ден ашыгы добуш бериши керек.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты