​Рабига Сыдыкова: «Аида Салянова бир кишинин гана көрсөтмөсү менен айыпталууда»

  • 5 лет мурун

«Апрель» телеканалынын эфиринде бүгүн, 26-июнда, «Кыргызстандагы саясий туткундарды колдоо» телемарафону өтүп жатат.

Анда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып жаткан мурдагы Баш прокурор Аида Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова сүйлөдү.

Адвокат мурдагы баш прокурорго коррупция боюнча оор айып коюлуп жаткандыгын билдирди:

-Аида Салянова бир гана кишинин, айыпталуучунун бири, Нарындын мурдагы соту Майрамбек Акматалиевдин көрсөтмөсү менен айыпталып жатат.

Коррупция беренеси боюнча 12,5 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал аныкталбаган кишилер менен келишип алып кылмышка барган делип жатат. Адегенде келишип алган кишилер кимдер экенин аныктагандан кийин күнөө коюлса болмок.

Көрсөтмөнү өзүнө айып тагылып, 48 саатка камалган киши эркиндикке чыгуу максатында берип жатат.

Аида Салянова мурда Баш прокурор болуп иштегендигине карабастан №1 абак жайда камалды. Ал жайдан бир нерсе болсо, ким жооп берет?

Анын жүрөгүнүн оорусуна да, кичине баласы бар экенине да карашкан жок,- деди адвокат түз эфирде сүйлөп.

Айта кетсек, саат 8:00дөн 24:00гө чейин түз эфирде мыйзамсыздык, саясий куугунтуктоо, бул көрүнүштөрдүн себептери жана кесепеттери тууралуу маектешүү болуп жатат.

«Медиа Форум» имаратынын алдында телекамера иштеп, сүйлөгөндөрдүн сөздөрү «Апрель» телеканалынын эфиринен кетип жаткан.

Орто жолдон чагымчылдык кылгандар болуп, чогулгандар арасында аз жерден мушташ чыгып кете жаздады. Мындан улам, алар Медиа-форумдун алдындагы акцияны токтотууга аргасыз болушту.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты