​Финполиция кызматкери 5 миң доллар пара опузалаган

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 26-июнда, Улуттук коопсуздук комитети Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын кызматкери А.Ж. ны 70 миң сом пара алып жаткан учурда кармады. Кызматкер 5 миң доллар опузалап талап кылган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап кетсек кармалган А.Ж Кыргызстандын аймагында иш-аракеттер менен алектенген ишкердин мыйзам бузууларына байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүк материалдар боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга коркутуу жолу менен 5 миң АКШ доллар пара талап кылган.

Опузалап пара талап кылуу боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, пара талап кылуу боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты