​Кытай Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин чыгымдарын өз мойнуна алат

  • 5 лет мурун

Кытай өкмөтү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин Бишкектеги жыйынын уюштурууга кеткен 6 млн 760 миң доллар чыгымды өз мойнуна алат.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча Кытай менен Кыргызстан ортосунда тиешелүү катка кол коюлду.

Бул сумма чыгымдардын кайсы бөлүгүн жабары так айтылган жок.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны 14-июнда Бишкекте өткөн.

Анын жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынган. Мындан тышкары саммиттин катышуучулары 20дан ашуун документке кол коюшкан.

Уюм төрагалагы Россияга өткөн. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын кеңешинин кийинки жыйынын 2020-жылы Россияда болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты