Экс-президент Атамбаев билдирүү таратты

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-июнда, Кой-Таш айылындагы түзүлгөн штабда билдирүү таратты.

Билдирүүдө экс-президент баш прокурор кылмышты бир күндө мыйзамдаштырып берди деп айыптады.

-Кылмыш иши ушак менен ыплас фантазиядан куруларын жана баш прокурор бөжөңдөп бир күндүн ичинде мыйзамдаштырып берет деп ойлогон эмесмин,- деди Атамбаев.

Атамбаев эч ким аны Жогорку Кеңешке чакырбаганын айтты:

-Жогорку Кеңешке мени эч ким чакырган жок. Анткени алар чындыктан коркушат,- деди.

Атамбаев ошондой эле Субихи Пархати аттуу жаран менен кандай байланышы бар экенин билдирди:

-Субихи Пархатинин баш прокурор менин бизнес — өнөктөшүм катары көрсөткүсү келип жатат. Ал Сооронбай Жээнбеков тааныштырган «АКА инвест» компаниясынын башчысы Хабибулла Абдыкадыровдун сунушу менен менин компаниямды сатып алган.

Шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбеков аны мага Кытайдын ийгиликтүү бизнесмени катары тааныштырган.

Кыргызстандагы бизнес долбоорлорго ал компаниянын катышын, «АКА инвестке» тиешеси жана Матраимовдордун карым-катнашы тууралуу Сооронбай Жээнбековдон сураш керек,- деди Алмазбек Атамбаев.

Билдирүүдө Алмазбек Атамбаев Батукаевдин ишинде Россиянын Президенти Путин да өз оюн айтаар деди.

—Бул маселе боюнча Орусиянын президенти, урматтуу В.В. Путин да өз сөзүн айтаарына ишенем, анткени мен андан Батукаевди кайрадан Кыргызстанга кайтаруу жөнүндө оозеки да, кат түрүндө да, далай жолу сурангам.

Мен өзүмдүн президенттик мөөнөтүмдүн акыркы күнүнө чейин Батукаев кайра Кыргызстанга өткөрүлүп берилет деп ишенгенмин. Бүгүн бул фактылар туурасында кыргыз бийлиги унчукпай жатат,- деди Атамбаев.

Кой-Таш айылында окулган Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн КСДП Саясий Кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасында да жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты