​Трамп Путин менен Жапонияда жолугат

  • 5 лет мурун

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен ушул аптанын соңунда Жапониянын Осака шаарында өтө турган “Чоң жыйырмалык” саммитинде жолугат.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

АКШ администрациясынын өкүлүнүн айтымында, жыйын учурунда Трамп Путинден тышкары дагы бир нече өлкөнүн лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Трамп Кытайдын төрагасы, Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы, Түркия президенти менен жолугат. Кездешүүлөрдүн так убактысы айтылган жок, себеби Трамптын саммиттеги иш графиги толук даярдалып бүтө элек.

Өткөн аптада Путин 2014-жылдан бери АКШ жана ЕБ киргизген санкциялардан Орусия 50 миллиард доллар чыгым тартканын мойнуна алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты